• Кафедры
  • Методики музыкального воспитания, теории и хорового дирижирования

Методики музыкального воспитания, теории и хорового дирижирования

Факультеттер аралык байланышты чыңдоо.

2018-жылдын 20-апрелинде Ош МУнун искусство факультетинин “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын улук окутуучусу Ф. Мангиева Ош МУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетиндеги илимий жумалыкта “ Ч.Айтматовдун чыгармаларына жазылган обондуу композициялар” деген темада лекция-концерт өткөрдү. Иш-чарада Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинофильмдердин музыкаларынын, композиторлордун обон-күүлөрүнүн маани-маңызы, жаралуу тарыхы кеңири чагылдырылды.

Таланттар бизде мейманда.
Бүгүн 2018-жылдын, 22-майында Ош МУнун искусство факультетинде “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын улук окутуучусу П. Мангиеванын жетекчилиги астында “Таланттар бизде мейманда” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада Курманжан Датка ош лицейинин окутуучулары З. Алымкулова жана Г. Мырзакулова баштаган таланттуу окуучулары искусство факультетиндег Р. Абдыкадыров жана М. Оморкуловдун музейлери, окуу кааналары, концерттик залы, музыкалык аспаптары менен таанышышты жана өз өнзөрлөрүн тартуулашты. Жаш таланттарга кафедра башчылары А. Боронбаев, Ж. Мойдунов ж.б. окутуучулар өз бааларын, сунуш пикирлерин, каалоо тилектерин билдиришти.


Бугун 13 декабрь куну ОшМУнун Искусство, Эл аралык мамилелер, Кыргыз-Кытай факультеттеринин жамаатары, студенттери менен биргеликте Ош шаарындагы 12- комокчу мектеп-интернатында окуп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кайрымдуулук марафонду уюштуруп беришти. Мектептин окуучулары оздорунун чакан концерттик программасын тартуулашты. Бул иш чараны Искусство факультетинин "Муз.тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" кафедранын башчысы ф.и.к., доцент Боронбаев А.Ж, окутуучу Э. Осмоналиев жана деканат менен биргеликте уюштурушту.
12 декабрь күнү ОшМУнун Искусство факультетинде,"Музыкалык тарбия берүүнүн усулу,теориясы жана хорду диржерлөө" кафедрасынын 4 курстун студенти Алмазбек кызы Толкунайдын "Ажайып кечим салтанат,ата-энем сизге арналат" атуу тушоо кесүү концертин өткөрдү. Концерти Б.Абдувалиев атындагы фольклордук ансамбль жана сахналаш достору коштоду.

30 апрель 2020ж, ОшМУнун искусство факультетинин "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" кафедрасы менен биргеликте Б. Бейшеналиева атындагы. КММИУнун" Салттык музыка жана фольклор" кафедрасы " "Маданий окуу жайлардагы дистантык окутуунун күнгөй тескейлери" аттуу онлайн конференциясын өткөрүштү.

Конференциянын ишин "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" каф. башчысы ф.и.к. доцент Боронбаев А.Ж. жана "Салттык музыка жана фольклор" каф. башчысы Кочорбаев С. алып барышты