Мероприятия (информация о проводимых мероприятиях)

15-февраль күнү ОшМУнун искусство факультетинин "Музыкалык тарбиялоонун усулу,теориясы жана хорду дирижерлөө" кафедрасынын улук окутуучусу, Сагынбаева Канышайым эжеке жетектеген топтун "Мен кыргызмын"аттуу чыгарманы 1,2,3,4-курстун студенттеринин аткаруусунда Ош улуттук драм театрында ХОР тартууланды.


https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20230227165910-kylych.jpg
Искусство факультетинин окутуучуларынын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү боюнча семинар өткөрүлдү.
Семинарга факультеттин ИЗО,Эстрада,МУЗ кафедраларынын жалпы окутуучулары катышты.Бишкек шаарынан Дүйшөналиев Жумабек агай семарды өтүп берди.

ОшМУнун жалпы агайлардын арасында, спорттун бильярд түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеште искусство факультетинин окутуучусу Орозбаев Кубанычбек мыкты чеберчилигин көрсөтүп 3-орунду ээледи.

"Таланттар бизде мейманда"


22-майда ОшМУнун Искусство факультетинде" Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы ж/а хорду дирижерлоо" кафедрасынын улук окутуучусу Ф. Мангиеванын жетекчилиги астында "Таланттар бизде мейманда" аттуу иш - чара откорулду. Иш чарада "К, Датка - Ош лицейинин эжекеси биздин бутуруучубуз Зуура Алымкулова ж/а Зыйнат Мырзакулова баштаган жаш таланттары менен оз онорлорун тартуулашты.

“Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын ага окутуучусу Э.Усенбаев Ош шаарынын райондорунан келген музыка мугалимдерине “Ритмика сабагынын мектептеги орду” аттуу темада сабак өттү.

Ош МУнун Искусство факультетинин “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын ага окутуучусу Э.Усенбаев, Ош шаарынын райондорунан келген музыка мугалимдерине “Ритмика сабагынын мектептеги орду” аттуу темада сабак өттү. Сабакта бүгүнкү музыка сабагынын көйгөйлөрү жөнүндө кеп-кеңештер, талкуулар болуп, музыка сабагынын программасы азыркы күндүн талабына жооп бербешин ачык-айрым ортого салышты. Жогорку аты аталган кафедранын башчысы, А.Ж. Боронбаев бул жөнүндө кеңири баяндама жасоо менен алдыда боло турган иш-чаралары, музыка сабагынын программалары жөнүндө кеңири токтолуп, жакынкы күндө баардык класстарга тиешелүү болгон ырларды биздин факультетте окуган студенттерге бөлүп берип, алардын аткаруусунда атайын дисктерге жаздырып областтык масштабта баардык музыка мугалимдерини музыкалык чыгармалар менен камсыз кылаары жөнүндө баяндама жасады. Окуу программаларын кайрадан карап чыгып, шаар жердегилерге өзүнчө, алыскы тоолуу аймактарда иштеген музыка мугалимдерине шартына жараша программа түзүү жагы талкууланды.

Искусство факультетинин “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” жана “Элдик музыкалык аспапта аткаруу жана ырдоо” кафедраларынын окутуучулук мектеп жетекчилери, музыка мугалимдери жана Искусство факультетин бүтүрүп, учурда музыка мугалими болуп эмгектенип жаткан жаш кадрлар менен биргеликте 201 8 -жылдын 1 8- январь күнү саат 1 3 -00дө “Музыка мугалимдеринин адистик даярдыгы жана билим берүүнүн натыйжалары” – деген темада семинар-кеңешме өткөрүлдү.

Семинар кеңешмеге: Ош МУнун окуу иштери боюнча проректору, саясий илимдерини кандидаты, доцент Расул Авазбек уулу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Т.Досмуратов , Ош МУнун ПББӨБнун директору, п.и.к., доцент А. Батыралиев, Ош шаарындагы музыка мугалимдеринин методисти, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун музыка мугалими Ч.Мурзакулова, Ош шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда иштеген музыка мугалимдери, искусство факультетинин бүтүрүүчүлөрү ж.б. меймандар келишти. Мындан сырткары факультеттин деканы, т.и.к., доцент Н.Маразыков, “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын башчысы, улук окутуучу Ж.Мойдунов, “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.Боронбаев жана факультеттин окутуучулар жамааты катышышты.

Семинарда:

1. Учурдагы музыка мугалиминин мектептеги орду; 2. Шаардагы мектептердеги музыка сабагынын сапатын талапка ылайык уюштуруунун көйгөйлүү маселелери; а) Студенттерди практика менен камсыз кылуу; б) Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу. Стейкхолдерлер менен байланышты уюштуруу; в) Музыка сабагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдору, анализдер; жана башка бир топ маселелер каралды.