История киноакадемии

Киноакадемиянын урааны: Чыгармачылык, кесипкөйлүк, келечек
Профессионал кесипкөй жана ынанымдуу кадам таштайт.
2017-жылы, чыгаан агартуучу-педагог ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун демилгеси менен Киноакадемия аталышта окуу бөлүмү ачылган. Киноакадемиянын алгачкы директору болуп Улукбек Омокеев дайындалган.
Киноакадемияга 570015 “Режиссура” (колдонулуучу багыттары боюнча), 570014 “Актердук өнөр” , жана 570013 “Кинооператор”адистиктерине лицензия алынган. Алгачкы жолу Киноакадемияга 24 абитуриент кабылып өз ишин баштаган. Алгачкы педагогдор: Токтош Абыкеев, Эшенкул Боронбаев, Тимур Маматкулов, Айдын Токтосуновдор иштеген. 2018-жылы окутуучу режиссер Кутман Шаршентегин, Жусуева, 2022-жылы Топчубай Досбаев, Акимбай Капаров, Гүлжанат Момбекова, 2023-жылы Алымкул Исаков, Мырзайым Какеева, Кыял Алмамбет уулу адистер менен толукталды.
2023 жылы алгачкы жолу биринчи 14 бүтүрүүчү режиссерлорду чыгарды, алар драм, куурчак театр режиссеру жана педогог, кино, даректүү тасма, телевидние режиссеру жана педогог, ошондой эле компютердик аниматор режиссер, педогог адистерин чыгарып ушул кезде жумушка орношуп үзүрлүү эмгектенип жатат.
Борбордон жана чет элден чакырылган кино, театр адистери Киноакадемиянын өнүгүүсүнө салым кошуп, кошумча мастер класс, семинарларды өтүп жатты. Мисалы: КР эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов өзүнүн тобу менен комплекстүү ачык сабак өтүп кетти. Б. Бейшеналиева атындагы искусство университетинин доценти Эркин Шаршеналиев конок лектору катары катышты. Ал аралыкта студенттер менен эки-үч тасма тарттылды, жыл сайын бирден спектакль чыгарып, республикалык театр фестивалына катышып, байгелүү орундарга, номинацияларга да ээ болушту. Ошону менен катар эле “Молдо Нияз” аталыштагы дарактүү көркөм тасма тартылыпт элге тартууланды.
2021-жылы ОшМУнун Киноакадемиясы Искусство факультетинин “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын курамына кошулгандан бери, материалдык базасы чыңалды. Ушул кезде кино жаратууга ылайыкташкан жабдыктар фото-видео камера, дрон, тасмаларды мантаждоо жабдыктары, жарык берүүчү, ар кандай кырдаалда сьемка тартуучу жабдыктар ошондой актердук өнөрдү үйрөнүүчү кичи сахна, шырма, шпага, грим, акробатикалык эмеректер менен касыздалган. Ушул кезде искусство факультети декан Доцент Жеңиш Төлөнович Мойдуновтун жетиекчилигинде, факультеттин адистиги туура келген дасыккан окутуучулары сабак өтүүдө. Мисалы: Доценттер Боронбаев А. Кожомжаров А. Султанов Э.ж.б
Ал эми Ош мамлекеттик университетине жогорку кесиптик билим берүү үчүн 570015 “Режиссура” (колдонулуучу багыттары боюнча) сырттан окуу формаcы, окуу мөөнөтү 6 жылдык программасына КРнын билим берүү жана илим министрлигинен 2023-жылдын 7-сентябрында №5013/1 буйруктун негизинде № D2018-0001 лицензияcына № 19 кошумча лицензия берилди. Ошонун негизинде күндүзгү бөлүмгө 19 талапкерден куралган топ 570015 “Режиссура” (колдонулуучу багыттары боюнча) сырттан окуу формаcында окуусун баштады.
Киноакадемиянын кредосу: келечекте бүтүндөй Түштүк Кыргызстандын, Фергана өрөөнүн адис менен камсыздаган, таланттуулардын ордосу болсо деген изги тилек менен чыгармачылыктагы чыйыр жолун улай бермекчи.