Ректор Искусство факультетинин жалпы жамааты жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү

2017-09-18 10:40:06 284

14-сентябрь күнү ОшМУнун ректору филология илимдеринин доктору, профессор К.Исаков искусство факультетинин жалпы жамааты жана студенттери менен жаңы имаратттын алдында жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда окуу процесси, тарбиялык иштер жана факультет үчүн курулуп жаткан жаңы имарат менен толук тааныштырды. Бул жаңы имаратты жаңы жылга чейин бүткөрүп, кийинки семестрдеги окуу процессин жаңы корпуста баштайбыз деген каалоо тилектерди айтып өттү.