Профессор Б.Иметовдун жетекчилиги астында илимий - чыгармачылык конференция болуп өттү

2017-04-26 08:35:23 272

25-апрель күнү Искусство факультетинин концерттик залында п.и.к., профессор Б.Иметовдун жетекчилиги астында "Музыкалык тарбиялоонун теориясы, усулу жана хорду дирижерлөө" кафедрасынын жалпы жамааты илимий - чыгармачылык иш чара өткөрүштү. Бул конференцияда музыкалык аспаптардын бардык түрү колдонулган ырлар жана хор ырдалды, бий көрсөтүлдү. Профессор Б.Иметов өзү да бир топ ырларды ырдап окутуучулардын жана студенттердин мактоосуна татыктуу болду. Мындай иш чара "Ыйман, адеп жана маданият" жылына жана илим жумалыгына карата уюштурулууда.