Искусство факультетинде студенттерге декандык саат өтүлүүдө

2017-04-11 12:59:10 269

10-апрель күнү саат 14.00дө Искусство факультеттин концерттик залында студенттерге декан ф.и.к., доцент К.Курбанбаев декандык саат өттү. Декандык сааттын негизги максаты, студенттердин көйгөйлүү маселелерин чечип берүү. Мында сабактарга катышуу, контракт төлөмдөр, жүрүм - туурум, кеч калуулар, модулдарды өз убагында тапшыруу, көп тилдүүлүккө аракет жасоо, кредит деген эмне, факультеттин миссиясы ж.б у.с. маселелер каралат.