Студенттер менен жолугушуу болуп өттү

2016-12-01 15:42:35 262

30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү Искусство факультетинин деканы К.Курбанбаев, декандын окуу иштери боюнча орун басары А.Марипов жана декандын тарбия жана контракт боюнча орун басары Д Ыразаковдор 1-2-окуу корпустарында алдыда келе жаткан модул жана сессия тууралуу студенттер менен жыйын өткөрүштү. Бул жыйында сессияны тапшыруунун эрежелери, контракт төлөмдөр тууралуу маселелер козголду. Эң негизги максат сессияны таза өткөрүү болгон.