Теология факультетинин студенттери Искусство факультетинде

2016-10-28 09:25:56 248

27-сентябрь күнү Университеттин ички жана тышкы мобилдүүлүк боюнча иш чаралардын планына ылайык уюштурулган чоң иш чара болуп өттү. Бүгүн Теология факультетинин деканы, саясий илимдеринин кандидаты Мырзаибраимов Самаган Абдразакович өзүнүн жамааты жана 100 жакын студенттери менен бирге Искусство факультетине келишип окутуучу М.Фарида тарабынан уюштурулган "Эстен чыккан кыргыздын улуттук аспаптары" деген семинарга катышып кетишти. Семинарда ар бир улуттук музыкалык аспаптар боюнча жалпы маалыматтар берилип, аны окутуучулар күүгө салып ойноп да беришти. Семинардын максаты ички мобилдүүлүк иш чарасын факультеттер ортосунда да иш жүзүнө ашыруу болуп саналат.