Искусство факультетинин студент кыздар ортосунда спорт мелдеши болуп өттү

2016-10-14 11:44:39 260

Искусство факультетинде 6-октябрь күнү студент кыздар ортосунда волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешке 1-2-курстардын студенттери катышып, мелдеш ОшМУнун башкы корпусундагы спорт аянтчасында болуп өттү. Спорттук оюнга катышкан эң мыкты оюнчуларга 11-октябрь күнү факультеттин жыйында сыйлыктар тапшырылды.