Кыргыз драма тетрында ОшМУнун окутуучусу Ж.Атабаева жеке концерттин өткөрдү

2016-06-01 15:11:07 256

29-май күнү ОшМУнун Искусство факультетинин "Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо" кафедрасынын окутуучусу Жаңыл Атабаева элдик музыкалык аспаптардын коштоосунда өзүнүн отчеттук концертин С.Ибраимов атындагы Ош шаардык Кыргыз драма театрында ийгиликтүү өткөрдү. Концертке ОшМунун ректораты, факультеттин жалпы жамааты жана студенттери, о.э Ош шаарынын мериясынын өкүлдөрү ж.б. катышты. Бул концерт жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп кетишибиз керек, себеби ОшМУда ийгиликтер аябай көп болууда анын арасында өнүгүп келе жаткан Искусство факультетиндеги студенттерден куралган фольлордук топтун сахнада көрсөткөн чыгармаларына элдин баары ыраазы болгондугун жашырышкан жок. ОшМУнун окутуучулары бул мезгилге чейин эле бир топ жеке концерттерди өткөрүп келишкен. Эми Ж.Атабаевага мындан кийинки чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз.