ОшМУда "ОшМУ боектордо" аттуу сүрөт конкурсу болуп өттү

2016-05-10 12:58:54 271

10-май күнү ОшМУнун башкы имаратында "ОшМУ боектордо" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду жана дизайн моделдери көрсөтүлдү. Сүрөт жана дизайн көргөзмөсүнө экс- президент Р.Отунбаева жана мекендештер форумуна чакырылган коноктор, Ош шаардык мериянын өкүлдөрү катышты. Р.Отунбаева уюштурулган көргөзмөгө жогору баа берип, мындан кийинки чыгармачыл ийгиликтреди каалады. Конкурска өзүнчө калыстар тобу бекитилген жана эң мыкты деп эсептелген чыгармаларга ректорат тарабынан жогорку сыйлыктар белгиленген. Көргөзмөгө 70 ашык сунушталып алардын ичине ар түрдүү жанрлардагы живопись, рисунок, кол өнөрчүлүк ж.б. түрлөрү коюлган. Окутуучулар менен бирге студенттердин иштери да бар.