Искусство факультетинде дизайнерлер конкурсу болуп өттү

2016-05-08 09:40:06 284

28-апрель күнү Искусство факультетинде 1-курстан 4-курска чейинки студенттердин дизайнердик конкурсу болуп өттү. Конкурска 60 студент катышып алар 200дөн көп жаңы моделддеги кийимдердин коллекцияларын көрсөтүштү. Конкурс 5 саатка созулду жана алардын эң мыктыларына ОшМУнун ректораты тарабынан берилген сыйлыктар жана белектер тартууланды. Быйылкы жылдын айырмачылыгы студенттердин конкурска болгон кызыгууларыынын көбөйүп бараткандыгы жана сапат жагынан эң мыкты болгондугунда. Конкурсту ачып берүү үчүн ОшМУнун аспирантура жетекчиси Гулжамал Маматовна сөз сүйлөп куттуктоо сөзүн айтып өттү.