Искусство факультетинде бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болду

2016-04-19 17:42:09 261

19-апрель күнү Искусство факультетинде Тарых жана маданият жылына карата бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Айпери Кулбаева, Темир Назаров, Жумагүл Райымжан кызы, Надира Сарыкулова мейманга келишти. Искусство факультетинин жолугушуусун ачып берүү үчүн ОшМУнун билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаевна катышты. Бул жолугушуунун негизги максаты бүтүрүүчүлөрдүн ОшМУ менен болгон байланышын чыңдоо болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө каалоо тилектер айтылды жана суроо жооптор берилди. Аягында меймандар үчүн концерттик программа, о.э. китеп жана букет гүл тартууланды.