ОшМУнун Искусство факультетинде шаардык мектеп окуучуларынын сүрөт, дизайн, кол өнөрчүлүк жана музыка боюнча конкурсу болуп өттү

2016-04-15 15:07:53 284

15-апрель күнү ОшМУнун Искусство факультетинин чоң концерттик залында Тарых жана маданият жылына арналган шаардык мектептердин таланттуу окуучулары үчүн сүрөт, дизайн, музыка, кол өнөрчүлүк боюнча кароо сынак өткөрүлдү. Конкурсту берүү ОшМУнун илимий иштер боюнча проректор, профессор Т.Жумабаева ачып берип, катышуучуларга чыгармачыл ийгиликтерди каалап өттү. Кароо сынакка шаардык мектептерден 18 мектеп катышты. Кароо сынакка окуучулар жогорку деңгээлде даярданып келишкен. Калыстар тобунун тандоосунун негизинде өтө кылдаттык менен ар бир таланттуу окуучунун чыныгы таланттына туура баа берилди. Ошондой эле сынакта белгилүү орунга ээ болгондорго "Эң мыкты сүрөтчү", "Эң мыкты музыкант", "Эң мыкты дизайнер", "Эң мыкты кол өнөрчү" деген номинациялар жана баалуу белектер берилди. Бүгүнкү иш чара 10.00дөн 16.00гө чейин созулду. Кароо сынакка катышкан окуучуларга жана мугалимдерине мындан кийинки чыгармачыл ийгиликтерди каалап ОшМУнун ректоратынын жана Искусство факультетинин жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.