ОшМУнун башкы корпусунда 5-курстун студенти алгачкы тушоо кесүү концертин тартуулады.

2015-12-15 13:39:46 241

9.12.15. 9-декабрь күнү ОшМУнун башкы корпусунда искусство факультетинин 5-курсунун студенти Дарманбек кызы Марсиана өзүнүн эң алгачкы тушоо кесүү концертин элге тартуулады. Концертте Марсиананын 16 музыкалык ырлары 3 тилде (кыргыз, орус, англис) аткарылды. Мындай концертти ушул күнгө чейин деле Абдигапаров Н. жана Абдикалил к. Элбарчын да берип келишкен. Концертти ректор Исаков Каныбек Абдиваситович өзү куттуктоо сөзү менен ачып берди.