Фергана мамлекеттик университетинин эл аралык илимий конференциясына катышу жана бир катар конок лекцияларды өткөрүү.

2023-11-01 11:55:11 68

Фергана мамлекеттик университети менен ОшМУнун ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында Искусство факультетининдеканы доцент Ж.Т.Мойдунов, доцент, ф.и.к., А.Ж.Боронбаев жана КР эмгексиңирген артисти окутуучуА.Нышанова Фергана мамлекеттик университетинин искусство факультетинде өткөн “Искусство системасында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу көйгөйлөрү: инновациялык ыкмалар” аттуу эл аралык илимий конференцияга чакырылган. Бул сапардын жүрүшүндө «Музыкалык тарбиялоонун усулу, теория жана хор дирижерлөө» кафедрасынын доценти А.Ж.Боронбаев 24-октябрдан 27-октябрга чейин.«Музыканын теориясы» боюнча музыкалык сабакты өтуп берип жана бир катар лекцияларды окуду.