Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү.

2021-12-23 14:31:01 217

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата аткарылуучу иш - чаралардын алкагында, ОшМУнун сүрөткер-педагогдору К. Мамарайимов, И. Урманов, Мухтар Ысмайыловдордун 60 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылып, ар бири 40 тан, баары 120 тандалган живопистик чыгармаларын коюшту. Көргөзмө 23- сентябрда борборубуз Бишкек шаарындагы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде уюштурулду.