Искусство факультетинин “Салтанат” фольклордук ансамбли 2018-жылдын мыкты оркестри аталды.
Жетекчиси: “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын окутуучусу Б.Джумабаев. Ал эми көркөм жетекчиси улук окутуучу Ж. Атабаева "Залкар комузчу 2018" наамына ээ болду.
Экскурсия.
2018-2019-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт алуу максатында Искусство факультетинин жаңы имараты жана баардык аудиториялары менен таанышып, факультет жөнүндө толук маалымат алышты.
Факультеттер аралык байланышты чыңдоо.
2018-жылдын 20-апрелинде Ош МУнун искусство факультетинин “Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын улук окутуучусу Ф. Мангиева Ош МУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетиндеги илимий жумалыкта “ Ч.Айтматовдун чыгармаларына жазылган обондуу композициялар” деген темада лекция-концерт өткөрдү. Иш-чарада Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинофильмдердин музыкаларынын, композиторлордун обон-күүлөрүнүн маани-маңызы, жаралуу тарыхы кеңири чагылдырылды.
30 апрель 2020ж, ОшМУнун искусство факультетинин "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" кафедрасы менен биргеликте Б. Бейшеналиева атындагы. КММИУнун" Салттык музыка жана фольклор" кафедрасы " "Маданий окуу жайлардагы дистантык окутуунун күнгөй тескейлери" аттуу онлайн конференциясын өткөрүштү.
Конференциянын ишин "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлоо" каф. башчысы ф.и.к. доцент Боронбаев А.Ж. жана "Салттык музыка жана фольклор" каф. башчысы Кочорбаев С. алып барышты