Творческая работа преподавателей и студентов

Бүгүн кесиптешим Кимия Атыровна менен биргеликте ХС 1.23 тайпасынын жумуштарын көрүп кабыл алуу жолу менен(обход, творческая выставка) 1 семестрдин жыйынтыктоо экзаменин кабыл алып, соңунда студенттердин жарым жыл аралыгында алган билимдерин кемчилдиктерин, жетишкендиктерин айтып бааларын угуздук

Бүгүн "Урааным Манас" атту темада сүрөт конкурсу болуп өттү. Сынакка активдүү катышып 2 орунга Искусство факультетинин окутуучусу Тешебаев Умид агай сыйлыкка ээ болду.

Бүгүн дем алыш күнү Искусство факультетинин сүрөткер-педагогтор А. Марипов, У.Тешебаев, М. Мамазаировтор менен бирге Алай жергесинин "Аюу тапан" айылында күзгү этюдта болдук. Алай жеринин пейзажына суктанбаган инсан болбосо керек. Жаратылыш абдан соонун, аябай кооз, күзгү пейзажда живописьтин ар бир түсун көрүүгө болот.

Бүгүн көргөзмөгө картиналарды экспозиция жасап илип көргөзмөгө кызуун даярдык болуп жатат. Алдыда отулуучу жэкэ коргозмого даярдык учуру. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген сүрөтчүлөр устат М.Эшбаев жана Ы.Төлөнөвдор экзпозиция иштерин жасап беришти. Кесиптештерден А.Марипов, М. Мамытов, М. Мамазайиров жана искусство факультетинин шакиртерибиз Садирдинов Болотбек жана Эсенбай уулу Баястандар көмөк көрсөтүп жатышат.

Керамика каанасы

Адабият ааламында

Ош мамлекеттик университетинде 2021-жылдын 12-декабрь күнү Улуттук адабият күнүнө карата өткөрүлгөн "Адабият ааламында" аттуу кароо-сынакта мыкты сүрөт көргөзмөсүн уюштургандыгы үчүн Искусство факультетинин "Сүрөт, чийүү жана эмгек" кафедрасы диплом менен сыйланды

Көркөм билим берүү багытынын көркөм искусство профилиндеги студентеринин сыйлыктары

Студентердин чыгармачылык жумуштары