2026-10-22 09:15:20 46
Эл аралык кызматташтык жана академиялык мобилдүүлүк алкагында, ОшМУнун педагогика жана искусство институтунун "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө" кафедрасынын окутуучу Б. С. Джумабаев Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинде «Кыргыздын салттуу музыкалык аспаптары» деген темада илимий-методикалык конок лекциясын өткөрдү. Муну менен катар, аталган окуу жайлар ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде, ОшМУнун (жогоруда аталган кафедранын) эки студенти Кутбидинова Айназик жана Кутбидинова Сезимай сырткы академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча ийгиликтүү билим алып келишти. 19-20.10.2026-ж.