Эл аралык кызматташтык: ОшМУнун окутуучулары Түркияда иш сапарда.

2026-09-29 08:04:07 51

Иш сапардын алкагында ОшМУнун адистери чет өлкөлүк студенттерге өздөрүнүн кесиптик багыттары боюнча тереңдетилген практикалык билимдерди берип, эки тараптуу музыкалык билим берүү тармагындагы заманбап интеграциялык процесстер жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Аталган илимий-педагогикалык иш-чаранын алкагында Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын улук окутуучусу Атабаева Жаңыл Турдубековна түркиялык студенттер жана окутуучулар курамы үчүн кыргыздын улуттук аспабы комуз өнөрүнө багытталган бир катар илимий-методикалык конок лекцияларды жана практикалык мастер-класстарды өткөрдү. Лекциялардын жүрүшүндө төмөнкүдөй актуалдуу темалар илимий жана практикалык өңүттө талдоого алынды: • Комуз аспабында аткаруучулук чеберчиликтин негизги ыкмалары; • Кол ойнотуу жана терип чертүү техникасынын методологиялык өзгөчөлүктөрү; • Кыргыз салттуу күүлөрүнүн курулуш структурасы жана аларды окутуунун усулдары. Бул илимий-практикалык иш-чаралар эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык жана маданий кызматташтыкты практикалык деңгээлде өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Сапардын жыйынтыгында ОшМУнун өкүлдөрү илимий жана маданий иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Балыкесир университетинин ректору тарабынан атайын Эл аралык таанылган Сертификаттар менен сыйланышты.