Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасынын окуутуучулары Андижан педагогикалык мамлекеттик институтунда

2026-09-25 10:17:51 21

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда мастер-класстарды өткөрдү. Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда Ош мамлекеттик университети менен түзүлгөн кызматташтыктын алкагында «Музыка билими» багытында билим алып жаткан студенттер үчүн мастер-класстар уюштурулду. Аталган мастер-класстарды Ош мамлекеттик университетинин музыка багытындагы музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасында эмгектенген профессордук-окутуучулук курамы — Максутов Ашимжан Жалилович, Мангиева Парида Апазовна жана Баякова Айкан Фархидиновна өткөрүштү. Темалар: Жалпы билим берүүчү мектептердин музыка сабагын окутуунун усулу,Хор сабагында көнүгүү ырдатуунун өзгөчөлүктөрү жана мааниси, Полифониялык чыгармалар менен иштөө. Адистер тарабынан студенттерге өздөрүнүн кесиптик багыттары боюнча теориялык жана практикалык билимдер берилип, музыка билими тармагындагы заманбап ыкмалар, аткаруучулук чеберчилик жана педагогикалык ишмердүүлүктүн маанилүү аспектилери боюнча маалыматтар сунушталды. Сабактардын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго адистерден жооп алып, кесиптик билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн мындан ары өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Аталган мастер-класстар эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты практикалык жактан өнүктүрүүгө, студенттер үчүн эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана музыка билими багытында квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.